“Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан  АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу менен кыргыз тилине: Шери Амселдин “Балдарга экология боюнча китеп” жана Кэтиэнн М.Ковальскийдин “Балдарга жаратыш жөнүндө китеп” аттуу китептери которулган. Бул китептер республикабыздын бардык аймактарына жеткиликтүү болушу үчүн ТЕРЕБЕЛ санариптүү билим берүү платформасы иштелип чыкты. Платформадагы китептерди ноутбук, планшет, компьютерден окууга ыңгайлуу. Окуучуларга жаратылыш жана экология боюнча билимдерди терең түшүндүрүү үчүн атайын тартылган видео тажрыйбалар, билимин бекемдей турган тесттер, темага ылайык видео материалдар, оюндар, баш катырмалар, өздөрү жасай ала турган чакан тапшырмалар менен коштолду.

Долбоордун максаттары жана милдеттери

Долбоордун максаты –  “Балдарга экология боюнча китеп” жана “Балдарга жаратыш жөнүндө китеп” аттуу китептердин кыргыз тилиндеги электрондук варианттарын окурмандарга кеңири жайылтуу жана кеңейтүү. Бул долбоор экологиялык билим берүүчү материалдардын жетишсиздигин жоюуга жана Кыргызстандын калкынын экологиялык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоордун маанилүү максаттарынын бири – мектеп окуучуларынын Жер жөнүндөгү илимдерди изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу.

Мугалимдерге экология боюнча сабактарды кызыктуу кылып өтүүгө жардам берүү, ачык ресурстарды пайдаланууга жол ачуу, жеткиликтүү болгон материалдарды жигердүү жайылтуу долбоордун негизги багыттарынан. Платформа мугалимдерге сабактарга даярданууну жеңилдетет,  география, биология жана табият таануу сыяктуу мектеп предметтери боюнча интерактивдүү сабактарды уюштурууга жардам берет.

Долбоордун негизги максаты – экологиялык билим берүү боюнча жеткиликтүү электрондук ресурстарды түзүү жана аларды Кыргызстандын билим берүү мекемелерине, коомчулукка активдүү жайылтуу, ошондой эле жаштарды тарбиялоого басым жасоо жана бул маанилүү ишти жүргүзгөн мугалимдерди колдоо болуп саналат.

Актуалдуулугу

Платформада Жер тууралуу илимдер жана экология тармактары боюнча илимий-популярдуу маалыматтар камтылган. Америкалык авторлордун кыргыз тилине которулган китептери балдарга ылайыкташтырылып, өтө кызыктуу тилде жазылган.

Китептерди мугалимдер  сабактарында колдонушууда, алардын негизинде презентациялар, ар түрдүү сынактар ​​өткөрүлүп, экологиялык иш-чаралар уюштурулуп келе жатат. Аталган китептерге  мугалимдер тарабынан жакшы сын-пикирлер айтылып, окуучулардын экологиялык аң-сезиминин калыптанышына тийгизген таасирин баса белгилешкен.

Кыргызстан  көптөгөн башка өлкөлөр сыяктуу эле топурактын, суунун жана абанын булганышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы сыяктуу көптөгөн экологиялык көйгөйлөргө туш болуп жатканын эске алсак, ТЕРЕБЕЛ платформасында орун алган китептер жаш окурмандардын жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу үнөмдөөгө үйрөтөт. Жаш муундарды жаратылышты коргоого шыктандырып, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө салымын кошо алат. Жаштарга “жашыл жашоо образынын” тандоого өбөлгө түзөт.

Платформа жөнүндө

ТЕРЕБЕЛ платформасы – мектеп окуучулары, мугалимдер жана экология жана эко-билимге кызыккан бардык адамдарга арналат. ТЕРЕБЕЛ санариптик платформасына кирүү акысыз.

Америкалык авторлордун китептеринде планетабыздын флора жана фаунасынын ар түрдүүлүгү, экосистемалар жана ар түрдүү жашоо чөйрөлөрү, нымдуу тропикалык токойлор, шалбаалар, саванналар, чөлдөр, океандар жана уюлдук аймактар ​​жөнүндө так жана кызыктуу маалыматтар берилет. Ошондой эле ар түрдүү экосистемаларда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн кайталангыс түрлөрү жөнүндө кызыктуу маалыматтар бар. Китептер жаш окурмандарды өзүнө тартып, Жер жөнүндөгү илимдерди терең изилдөөгө чакырат. Китептер жаратылышка сый-урмат менен мамиле кылууга, жоопкерчиликке, сарамжалдуулукка үйрөтөт, ошондой эле адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин, парник газдарынын чыгышын азайтууга үндөп, калдыктарды кайра иштетүү жана полиэтилен баштыктарды колдонууну азайтуу боюнча практикалык кеңештер берилет.

Бул эки китеп 4000 жана 5000 нускада басылып чыккан, республикабыздын китепканаларына таратылып, мугалимдер жана окурмандар үчүн баалуу булактардан болуп калды. 

Эки китептен тышкары колдонуучулар платформадан «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан билим берүү ресурстарын, Кыргызстандын көрүнүктүү экологу Эмил Жапарович Шүкүровдун «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» сыяктуу китебинин электрондук версиясын (энциклопедия) жана “Жаратылыш, маданият, адам” (макалалар жыйнагын), ошондой эле мугалимдер үчүн “Мектепте этно-экологиялык билим берүү”  аттуу колдонмосун таба алышат.  «Таалим-Форум» КФ платформаны жаңы билим берүү ресурстары менен толуктоону жана аны Кыргызстандын мугалимдери менен окуучуларынын арасында жайылтууну улантмакчы.

Долбоордун командасы

«Таалим-Форум» коомдук фондунун кызматкерлери жана адистер платформаны иштеп чыгып, аны мультимедиалык жана интерактивдүү форматтагы ресурстар менен толтуруу боюнча иштерди жүргүзүштү:

Айгерим Жолчубекова –  долбоордун  координатору

Максим Зангиров – программист

Ырыс Тураркулов – IT адис

Кубанычбек Нарынбеков – SMM жана IT адиси

Батина Муратжанова – методист, география мугалими

Адилет Кубатов – видеооператор, оператор

Жылдыз Турпанова – редактор

Элнур Исаков – веб-дизайнер

Айгүл Мадлымбекова – дизайнер

Акылбек Касымбеков – жаш эколог

Эрлан Бекказиев – методист, эколог

Урмат Борченов – диктор

Дисклеймер

ТЕРЕБЕЛ платформасын өнүктүрүү жана жайылтуу долбоору АКШнын Мамлекеттик департаментинин гранты аркылуу Таалим-Форум коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды. Бул жерде айтылган ой-пикирлер, жыйынтыктар же сунуштар авторлордун ой-пикирин гана чагылдырат жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин көз карашын чагылдырбайт.

 

Байланыш үчүн:

«Таалим-Форум» коомдук фонду

https://www.instagram.com/terebel.kg/

https://taalimforum.kg/

https://www.facebook.com/TaalimForum

https://www.instagram.com/taalimforum/

 

 US Logo   tf logo